Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наталья Никитенко: Ошто 16 жаштагы кызды зордуктаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн бошотуп жиберишти

Депутат Кыргызстанда криминалдын ооздукталбай жатканына кыжырданды

Өкмөт тез арада үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып баруу планын иштеп чыгыш керек. Мындай пикирин парламенттин пленардык жыйынында депутат Наталья Никитенко айтып чыкты.

- Биз кыймылдап башташ үчүн дагы канча кылмыш иши болуп кетиш керек? - деди ал. - Бүтүндөй өлкө жаңы жылдан кийин катталган кылмыш иштерине жакасын кармап отурат. Аялдар көз жумду. Парламент бул кылмыш иштеринин иликтенишин өз көзөмөлүнө алууга тийиш.

Муну менен бирге Никитенго Кыргызстада уюшкан кылмыштуулукка күрөш ошол бойдон башталбаганын сынга алды.

- Ошто «Казак» каймана аты бар ОПГнын мүчөсүн үй камагына чыгарып коюшту, - деди ал. - Ал бир нече кылмышка, анын ичинде 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген болчу. Канчадан бери мындай айыптар тагылган адамдар үй камагына чыгып калды эле? Качан бизде криминалитет ооздукталат? Коррупция менен күрөш деле жөн гана ураанга айланып калды.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх