Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бекназаров: Жээнбековдун эң чон реформасы - Атамбаевдин режимин бузду

Мурдагы башкы прокурордун пикиринде Алмазбек Шаршенович Кой-Ташта куралчан тарапташтарын чогултпашы керек эле

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин режимин бузуп, реформа жасады. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров бүгүнкү басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында мамлекет башчы өлкөдө көзгө көрүнөрлүк реформа жасоого жетишти, ал эми эң башкысы - Атамбаевдин режими менен күрөшүү.

- Түшүнгөн жана билген кишилер үчүн Жээнбеков чоң реформаларды жасады, - деп белгиледи Бекназаров. - Мисалга, мамлекетти айдоочулар да башкарып калган Атамбаевдин режимин бузуу. Жээнбеков мындай менен эки жыл күрөштү. Бакиев менен Акаев маалындагы коррупцияга жетишпесе дагы, Атамбаевдин убагындагы паракорлорго колу жетти.

Атамбаев түзүлгөн кырдаалга өзү күнөөлүү деп эсептейт ал.

- Ал үйүнө куралчан адамдарды чогултпашы керек эле, - деп сөзүн жыйынтыктады Бекназаров.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх