Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: Социнтерндин башкы катчысын Иса Өмүркулов тосуп алган. Биз бир жылдай даярдаган жолугушууга бизди чакырышкан жок

Социалисттик Интернационалдын башчысы Сагынбек Абдрахманов менен жолугат

Кыргызстанга КСДП партиясынын чакыруусу менен Социалисттик Интернационалдык башкы катчысы Луис Айала келди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «социал-демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү, ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында генсек менен жолугушууну алар бир жылга жакын даярдашкан.

- Мен Луис Айаланы биздин партияга келип кетүүгө жеке өзүм чакыргам, - деди Ирина Юрьевна. – Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев катышуусунда өткөн Социнтерндердин акыркы жолугушуусунда биздин партиялаштар КСДПдагы кырдаал туурасында сөз кылышкан. Алар партия рейдерлик басып алууга дуушар болгонун жана Алмазбек Атамбаевдин башына түшкөндөрдү айтып беришкен.

Карамушкина КСДПнын өкүлдөрү Социнтерндин башчысы менен азырынча кезигише элегин тактады.

- Ал кечээ келген, аны КСДП парламенттик фракциянын башчысы Иса Өмүркулов тосуп алган, - деп белгиледи эл өкүлү. Бүгүн Луис Айала «Атамбаевсиз КСДП» партиянын башчысы Сагынбек Абдрахманов менен кезигет. Мен дагы бир жолу белгилеп кетейин, анын биздин КСДП партиябызга тиешеси жок. Биз менен жолугушуу эртең болот, анда биз бизге карата болуп жаткан куугунтуктарды талкуулайбыз.

Социалисттик интернационал (Социнтерн) - эл аралык бейөкмөт социал-демократиялык уюм. Өзүн II Интернационалдын, ошондой эле 1923-жылдан Экинчи дүйнөлүк согушка чейин иштеген Социалисттик жумушчу интернационалдын ордун басуучу катары санайт.

2009-жылы Социнтернде 126 мамлекеттен 156 партия мүчөлүктө турган, анын ичинде 116 партия толук кандуу мүчө катары чечүүчү добушка ээ, 26 уюмдун кеңешип добуш берүүчү укугу бар консультативдик мүчө макамы бар жана 14ү байкоочу болуп саналат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх