Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимжан Аскаровдун жактоочусу: Ал өкмөткө абдан нааразы

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочунун кабминге жөнөткөн катын акыйкатчынын аппаратына кайра жиберип коюшкан

Жогорку сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Валерьян Вахитов маалымдады.

Ал Базар-Коргон райондук соту документтерди жогорку сотко жибергенин тактады. Аскаров Чүй облустук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечимине макул эмес.

Вахитовдун айтымында, өкмөт БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштамаларын көз жаздымга калтырып, эл аралык келишимдерди бузуууда. Жакында Аскаров өкмөткө кат жолдого, бирок, аны алар акыйкатчынын аппаратына кайра жиберип коюшкан.

- Болжол менен февралда Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча соттук жараян болот, анткени, Базар-Коргон райондук соту бардык керектүү документтерди Жогорку сотко жиберген, -деди Вахитов. - «КРнын өкмөтү жөнүндө» мыйзамга ылайык аткаруучу орган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Аскаров өтө нааразы, анткени, ага жоопту акыйкатчынын аппараты берген.

Ал ортодо укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Аскаров акталарына үмүт артат. Vesti.kg сайтына берген маегинде ал президент Сооронбай Жээнбеков ырайымдуулук жана ак ниеттүүлүгүн көрсөтүшү керек деген пикирин бөлүштү.

- Азимжан Аскаров - кыйноолордун курмандыгы,  мен иш кайра карап чыгылгандан кийин аны бошотушат деп ишенем, - деди Исмаилова. - Аскаровдун ишинде ал Ошто милиция кызматкерин өлтүргөнүн ырастаган бир дагы далил жок. Ал кары жана оорулуу адам, ошондуктан, биз президент ак ниеттүүлүк кыларын күтөбүз.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашап, укук коргоочулук ишмердүүлүк менен алектенчү. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин ал башаламандыктарды уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө кошо катышууга шектелип кармалган. Рардык инстанциялардын чечими менен ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылдын апрель айында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин анын ишин кайра карап чыгууга чакырган. Мындай чечимди уюм мыйзамсыз кармоо, кыйноолордун орун алуусу жана Азимжан Аскаровдун начар шарттарда кармалышы менен негиздешкен.
Чүй облустук сот ишти кайра карап чыгып, 2017-жылдын 24-январында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Бирок, бир катар эл аралык уюмдар укук коргоочу мыйзамсыз негизде түрмөдө жатканын дагы да болсо айтып келишет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх