Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палатага шайлоо: «Татыктуу талапкерлерди көргүң келет»

Судьялардын кызмат орундарына талапкерлердин арасында конституциялык көзөмөл органынын биринчи жана акыркысы - төрагалары

Конституциялык палатанын биринчи төрагасы Мукамбет Касымалиев бул орунду кайра ээлөөгө татыктуу. Коопсуздук кеңешинин алдындагы коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу көзөмөл боюнча жумушчу топтун мүчөсү, юридика илиминин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев ушундай пикирде.

- Ким жеңерин көрөбүз, албетте, бирок, Конституциялык палатанын судьялыгына татыктуу талапкер келсе дейм, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Касымалиев – татыктуу талапкер. Ал анын башында тургандардан. Ал барда Конституциялык палатада бир дагы чыр болгону эсте жок.

2020-жылдын 15-январында КРнын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди каттоонун биринчи этабы болуп өттү. Бош үч орунга 16 талапкер ат салышканы КРнын ЖСнун сайтында маалымдалды.

Алардын экөө - Конституциялык палатанын мурдагы төрагалары: биринчиси - Мукамбет Касымалиев жана акыркысы - Эркинбек Мамыров.

Бирок, Осмоналиев, Мамыровго кайрадан Конституциялык палатада иштөөгө мүмкүндүк берүү ойлонулбаган чечим болушу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында экс-төрага ал жерде бир катар жолу «жакпагандарды» кетирип, кызматкерлерди негизсиз мазактап, дегеле өзүн «бай-манапча» алып жүрчү.

- Ал Конституциялык палатада эки мөөнөт отурду, албетте, ага майдай жагат, - дейт юрист. - Мен, бирок, аны жолотпойт элем.

Ошол эле маалда улуттук коопсуздук органдарынын генерал-майору Мукамбет Касымалиев таптакыр башка маселе, - деген оюн ортого салды Кайрат Осмоналиев. Ал КРнын Конституциялык палатасынын биринчи төрагасы болгон, анын түптөлүшүнө жардам берген.

- Ал аппараттан эч кимди кызматтан алган эмес, кадимкидей жумушчу чөйрө өкүм сүрүп турчу, - деп сөзүн улантты профессор. - Бир мөөнөт иштеди. Мен аны абдан татыктуу деп эсептейм.

Юрист дал анын жетекчилиги астында 2013-2016-жылдары Конституциялык палата бир катар резонанстуу чечимдерди чыгарганын белгиледи. Конституциялык көзөмөл органына кайрылуулардын кыйла көбөйгөнү анын ишмердүүлүгүнө болгон ишенимдин жогорулашын айтат.

- Эл аралык өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен бир катар маанилүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюлган, - деп эске салды Осмоналиев. - Касымалиевдин жеке сапаттары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окшош органдары менен ынак өз ара мамилелерди түзүүгө өбөлгө болгон, аппараттын дээрлик бардык кызматкерлери

Молдова жана Латвияга таанышуу сапары менен барып келишкен. Эл аралык эксперттердин катышуусунда Конституциялык соттук өндүрүш маселелери боюнча эл аралык конференциялар жана семиналар өткөрүлгөн.

Юристтин маалыматы боюнча бүгүн Конституциялык палатанын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер дил баян жазышууда.

Белгилей кетсек, талапкерлердин арасынан экөө - учурдагы судьялар, жетөө судьялык иш тажрыйбага ээ, бир талапкер Сот адилеттигинин жогорку мектебинде билим алып, экөө буга чейин тестирлөөгө катышкан болсо, төртөө буга чейин андан өтүшкөн.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх