Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдордун жактоочусу: Биз алардын күнөөсү жоктугун далилдеген документтерди акырындан ачыктап турмакчыбыз

МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү журналисттер менен чырды тынчтык жолу менен чечүүгө даяр

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоо сунушу юрист Канатбек Азизге ал Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагалыгынан кеткенден кийин түшкөн. Ал бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

Анын айтымында Матраимовдордун жактоосу ММКлар менен соттук маселени тынчтык жолу менен чечүүгө даяр.

- Матраимовдордун кызыкчылыктарын коргоо сунушу мен ээлеген кызматымдан алынганымдан кийин түшкөн, - деп тактады юрист. - Белгилеп кетейин, биринин экинчисине эч тиешеси жок. Мен үчүн алардын ММКдын иликтөөсүнө тиешеси жоктугунун далилдерин көрүү маанилүү болду. Алар мага бир катар далилдик актыларды көрсөтүштү, эми алар коомчулукка акырындан ачыктала баштайт.

Соцтармактын айрым колдонуучулары юристти сынга алышкан. Буга жооп катары Азиз «Клооп», «Азаттыка» жана «24.kg» агенттиктеринин далилдери менен таанышууну калаарын билдирген.

- Биз укуктук мамлекетте жашайбыз жана көпчүлүк мени ар дайым укук жана мыйзамды коргоп келген инсан катары өзүмдү көрсөтүп келген адам катары тааныйт. Мен бул маселеде адилеттүүлүктүн орноп, фактылардын сунушталышына өзүм кызыкдармын. Мен, бирок, азырынча аларды көрө элекмин.

Бүгүн Сведлов райондук сотунда Матраимовдордун үч ММКга («Азаттык», «Клооп» жана «24.kg») берген доосу боюнча соттук отурум өттү.

Матраимовдордун жактоочулары маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгү барбы деп кызыгышкан. «Клооптун» юристи Фатима Якупбаева алар буга чейинки иликтөөнү төгүнгө чыгарган билдирүү жазышпасын айтты.

«Биз тынчтык жолу менен макулдашууга келген жокпуз, медиация процедурасы купуялуулукту талап кылат, бирок, азыркы шарттарда бул мүмкүн эмес. Доогерлер төгүнгө чыгарган билдирүү талап кылып жатышат, бирок, «Клооп» буга макул болгон жок»,- деди Якупбаева.

Жыйынтыкта судья 29-январга чейин тыныгуу жарыялады.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх