Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: КСДПнын саясий күнү бүттү. Алар шайлоодо Сагынбек Абдрахманов менен деле Кадыр Атамбаев менен деле жеңилишет

«Абдрахмановду эле эмес, партияга ишенген жер-жерлердеги бардык «социал-демократтарды» алдап кетишти» деген пикир бар

Кеме чөгүп жатканда андагы келемиштердин бардыгы качып кетет, - КСДП менен деле ошондой болду. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Кубат Султанбеков бөлүштү.

- Акыркы окуяларга караганда Алмазбек Атамбаевдин каршылаштары жөн гана Сагынбек Абдрахмановду колдонуп келишип, эми анын эч кимге кереги жок болуп калгандай туюлат, - деди саясат таануучу. - Партиянын өзү деле ишеничтен чыкты. Айнуру Алтыбаева сыяктуу активдүү депутаттардын башка партияларга кетүү чечиминин себептеринин бири ушул болушу мүмкүн. Анын үстүнө «Биримдик» жаң саясий бирикмесин меценаттар канаттарына калкалашары түшүнүктүү да.

Кубат Черикчиевич КСДПда алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо керектүү добуш алуу мүмкүндүгү жокко эсе экенин белгиледи.

- «Социал-демократтар шайлоодо анча-мынча добуш алышы мүмкүн, бирок, парламентке, албетте аларды эч ким киргизбейт, - деди ал.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Мараз Казакпаев КСДПнын саясий күнү бүттү деп эсептейт.

- Сагынбек Абдрахмановду жөн эле колдонушканы эми түшүнүктүү, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал партияны юридикалык коргоп, кармап калды, съезд өткөрдү, аягында болсо социал-демократтар андан чыгып кете баштады. Менин пикиримде партиядан чыгып кеткендердин тарабынан бул жакшы иш болгон жок. Анткени, Абдрахмановду эле эмес, партияга ишенгендердин бардыгын алдаган болуп жатышпайбы. Аймактардагы «социал-демократтар» эмне кылышы керек эми? Аларды жаңы партияга эч ким албайт да. Көпчүлүгүнүн саясаттан көңүлү калат го мындан кийин.

Муну менен бирге Казакпаевдин пикиринде жаңы «Биримдик» партиясы парламенттин жаңы курамына кирүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар.

Өзгөчө, эгерде анда Асылбек Жээнбеков болсо, - деп тактады ал. - КСДП болсо четте калат. Эки бөлүгү тең - Абдрахмановдун башчылыгында дагы, Кадыр Атамбаевдин да.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg КСДП альтернативдик партиясынын төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун көптөгөн аткаминерлер менен депутаттар анын партиясынан чыгуу ниеттерин билдиришкени тууралуу сөздөрүн жарыялаган эле. Ал, бирок, парламенттик шайлоого баруу ниетинен кайткан жок.

Ал ортодо ата мекендик ЖМКлар «Биримдик» партиясынын башчылыгына КСДП фракциясынын мүчөсү Марат Аманкулов келгенин жарыялашты. Депутат өзү дагы бул маалыматты ырастаган.

«Партияны жетектөө сунушу түштү, мен макул болдум. Менин билишиме караганда Карганбек Самаков аталган партиянын мүчөсү болчу. Албетте, шайлоого катышуу ниетибиз бар, биз бул маселени талкуулап жатабыз. Партиянын катарларын кеңейтүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок, азырынча 2020-жылы өтө турган шайлоого партиялык тизме боюнча сөз боло элек», - деген Аманкулов «Азаттыкка» берген маегинде.

Ошондой эле «Биримдик» партиясына мүчө болгонун депутат Айнуру Алтыбаева дагы ырастаган.

Мындан сырткарцы, такталбаган маалымат боюнча Аманкуловдун партиясына Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Курманкул Зулушев, Улан Примов, Азамат Арапбаев, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров сыяктуу аттуу-баштуу депутаттар дагы кириши мүмкүн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх