Ысык-Көлдө Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты (видео)
Чогулгандар мурдагы парламент мүчөсүн бошотууну талап кылышууда
Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүүдө.
Түп районунда өтүп жаткан нааразычылык акциясына 500дөн ашык киши чогулган.
Камактагы саясатчы Жапаровдун тарапташтары аны бошотууну талап кылышууда.
Эске салсак, 2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы митингди уюштуруу жана ошол кездеги Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз