Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин аппараты Сооронбай Жээнбеков Ширин Айматованы кабыл алабы-жокпу ачыктай элек

«Үмүт 2020» кыймылынын лидери мамлекет башчысын коррупция жана куугунтуктоолор туурасында сүйлөшүүгө чакырды

Президенттин аппараты мамлекет башчысы «Үмүт 2020» кыймылынын лидери, экс-депутат Ширин Айтматованы кабыл алабы-жокпу жооп беришкен жок.

Vesti.kg 20-январда эле президенттин басма сөз кызматына кайрылып, Сооронбай Жээнбековдун мурдагы эл өкүлү менен жолугууга ниети бар бекенин сураган. Алар жооп кайтарууга убада беришип, бирок, алигиче чейин эч кандай маалымат болгон жок.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Ширин Айтматова президенттен аны кабыл калуусун суранганын жазган эле. Мамлекет башчысына кайрылуусун ал социалдык тармактарда жарыялаган.
​«Сооронбай Шарипович, «Үмүт 2020» кыймылы саясий дымагы жок эле бир нече айдан бери коррупциянын фактыларын ачыктап келет, - деп белгилеген активист айым. - Бирок, ушул убакыт аралыгында биз мамлекеттин колдоосуна ээ болгондун ордуна тарапташтарыбызга карата куугунтуктоолор башталды. Сиз коррупционерлер менен күрөшөм деп жоопкерчилик алдыңыз эле го. Бирок, азыр биздин өлкөдө абал начарлап бара жатат. Мен сизден «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү катары куугунтуктоолорду жана ЖМКларга карата кысымды талкуулоо үчүн кабыл алууңузду суранам».​

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх