Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев Садыр Жапаров тууралуу: Ал шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт жана жатак абакка дагы которулбайт

 Мыйзам боюнча бул эки түшүнүктүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата колдонулбайт

ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт жана жатак абакка дагы которулбайт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Жапаровдун тарапташтарына маалымдады.

«Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаровго шарттуу түрдө мөөнөтүнөн бошотуу жана жатак абакка которуу колдонулушу мүмкүн эмес», - деп жооп берди ал Ысык-Көл облусунда митингге чыккандарга.

Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Садыр Жапаров "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Мелис Турганбаев Жапаров «өзгөчө кооптуу кылмыш рецидиви» менен кылмыш жасаганын жана КРнын Жкнин 43-беренесинин 2-бөлүгү боюнча «кылмыш ишинин уюштуруучусу же болбосо анын аткарылышын жетектеген адам» катары табылганын эске салды.

КРнын ЖКнин 61-беренесине ылайык, ал алдына ала камакта өткөргөн 5 ай 20 күндүк убакыттын бир күнү жалпы жаза өтөө мөөнөтүндө экиге барабар болуп саналган. Буга байланыштуу, Жапаров темир тор артында 10 жыл - 2017-жылдын 25-мартынан баштап, 2026-жылдын 5-октябрына чейин жазасын өтөйт.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Ысык-Көл облусунун Түп районунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөнүн маалымдаган. Ага 500дөн ашык адам чогулуп, анын бошотулушун талап кылышкан.

2018-жылы Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингди уюштуруу жана ошол кездеги Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Учурда ал Молдовановка айылындагы № 1-түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх