Мамлекеттик экотехинспекциянын башчысы кызматынан бошотулушу тууралуу жооп берүүдөн баш тартты
Жолдошбек Жунушев Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен кызматынан алынат
Мамлекеттик экотехниспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Vesti.kg сайтына Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен кызматынан бошотулушу тууралуу жооп берүүдөн баш тартты.
Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге Жунушев жыйындын жыйынтыгы менен өз кызматкерлерине байланыштуу коррупциондук чырга байланыштуу кызматынын четтетиле турганын билдирген.
-Коопсуздук кеңешинин катчысынын сөздөрү боюнча эмне деп айта алам эми? - деп Жунушев телефонду коюп койду.
Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик экотехинспекциянын жетекчилигинин ишин катуу сынга алган.
Гулиза Чудубаева
Фото www