Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик экотехинспекциянын директору Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду

Жолдошбек Жунушевге анын кол алдындагы кызматкерлеринин системалык түрдө пара алып жүрүшкөнү кечирилген жок

Мамлекеттик экотехинспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен кызматынан бошотулат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбае билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери паракорчулук боюнча кармалышкан.

- Мындан сырткары, мекемеде Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууга байланышкан кемчиликтер аныкталган, - деп тактады Сагынбаев.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик экотехинспекциянын жетекчилигин ишин катуу сынга алган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх