Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адил Турдукулов: Мен Абдрахмановго акча сурап кайрылган эмесмин. Калп айтып жатат

«КСДПнын жаңы лидери өзүн колдонуп кетишкенин сезип, өзүнө көңүл бурдургусу келип жатат. Анын сөздөрүнө азыр маани бербей койгон эле оң»

КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов «социал-демократтардын» жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго финансылык колдоо сурап эч качан кайрылбаганын Vesti.kg сайтына айтып ишендирди.

Анын айтымында, учурда Абдрахманов өзүн «бийлик тарабынан колдонулгандай» сезгендиктен, болгону өзүнө ушундай жол менен көңүл бурдурайын деген.

Турдукулов КСДПнын жаңы төрагасы партиянын көптөгөн мүчөлөрүнүн бетине көө сыйпап жатканын, бирок, бул сөздөргө анчейин маани берүүнүн кереги жок экенин кошумчалады.

- Абдрахманов жалган маалыматты таратууда, - деди Турдукулов. - «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Атамбаевдин партиясын алсыздандыруу үчүн түзүлгөн. Анда мага карата эч кандай далилдүү дооматтары жок болгондуктан, жергиликтүү ЖМКларга карандай калпты айтууга аргасыз болуп жатат. Өзүнө көңүл бурдуруунун аракети. Анын сөздөрүнө маани бербеш керек.

Адил Турдукулов бир нече жыл мурда Сагынбек Абрахмановду КСДПтен чыгарып салышканда, ал аны колдоп чыкканын кошумчалады.

- Ал көптөгөн тарапташтар, алардын ичинде мен дагы Атамбаевге акча үчүн кетишкенин айтууда, - деп эске салды Турдукулов. - Эч ким ал жакка акча үчүн барган эмес.

Тактай кетсек, КСДП лидери Сагынбек Абдрахманов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Адил Турдукулов андан 500 доллар сураганын, бирок, ал бербегенин айткан.

«КСДП мыйзам боюнча менин партиям. Алар социал-демократтар менен, Атамбаевдин тарапташтары. Алар Атамбаевден материалдык жактан көз каранды болушчу. Адил Турдукулов мага келип, 500 доллар сурады. Акчанын ордуна бизди бардык жерде чагылдырарын убадалады. Мен бизде акча жок экенин айтканда ал Атамбаевге качып кетти. Бул анын туруксуздугун жана эки жүздүүлүгүн көрсөтөт»- деген Абдрахмановдун сөздөрүн Gezitter.org жарыялаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх