Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раимбек Матраимов «24.kg» маалыматтык агенттигинен 15 миллион сом доолабай калды (фото)

 МБКнын мурдагы башкы төрагасы басылманын дарегине жазган доо арызын артка кайтарып алды

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов «24.kg» маалыматтык агенттигине каршы берген доо арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын өкүлү Канатбек Азиз маалымдады. 

Юристтин айтымында, мындай чечим «24.kg» МИ Раимбек Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн аткезчиликке тиешеси бар экенин тастыктаган далилдери жок экенин моюнга алышканынан кийин кабыл алынган.

Мындан сырткары, редакция өз эрки менен маалыматты төгүндөп, жаңылык жазышкан. 

Эске салсак, «24.kg» сайтына каршы жазылган доо арыздын суммасы  15 миллион сомду түзгөн. 

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх