Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик чек ара кызматы: Талгат Аланов чек ара кызматынын башчысын дебатка чакырууга укугу жок

Учурдагы подполковник Уларбек Шаршеевди түз эфирден мекемедеги коррупция тууралуу суроолорго жооп берүүгө чакырган

Подполковник Талгат Алановдун Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди дебатка чакырууга укугу жок экенин Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн уставына ылайык, подполковник Уланов учурдагы аскер кызматкери катары өз жетекчилерин дебатка чакырууга укугу жок, - деп түшүндүрүштү мекемеде. - Аланов аскер кызматын өтөп жатат, демек, уставдын талаптарын аткарууга тийиш. Мындан сырткары, учурда Аскер прокуратурасы Аланов басма сөз жыйында жана ЖМКларга берген маектеринде айткан маалыматтар боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Биз адилеттүү териштирүүнүн жүргүзүлүшүнө кызыкдарбыз.

Тактай кетсек, кечээ Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Аланов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди өзү жетектеген мекемедеги коррупция боюнча суроолорго жооп берүү үчүн дебатка чакырган.

«Мен, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери, подполковник Талгат Аланов, расмий түрдө Чек ара кызматынын төрагасын ачык сүйлөшүп, мекемеде орун алган коррупция боюнча элдин суроосуна жооп берүүгө чакырам», - деген ал.

Эске салсак, ноябрь айында Аланов басма сөз жыйын өткөрүп, анда Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупция жөнүндө маалымат берген. Бир нече убакыттан кийин кесиптештери ага каршы сотко арыз менен кайрылышкан.

Учурда Аскер прокуратурасы Алановдун билдирүүлөрү боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх