Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын төрагалыгына Туйгунаалы Абдраимов келиши мүмкүн. Учурда Кой-Ташта иш-чарага даярдык көрүлүүдө

 КСДПдагы күчтөрдүн күтүүсүз орун алмашуусу тууралуу маалымат айтылууда. Чүй облусунун мурдагы башчысына Асел Кодуранова менен Сагынбек Абдрахмановдон сунуш түшкөн имиш

КСДП саясий партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун төрагалыгы менен катышарын Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, журналист Асланбек Сартбаев маалымдады.

- КСДПнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан ЖКнын депутаты Асел Кодуранова жана бийликтин көз жаздымында калган жаңы КСДПнын башчысы Сагынбек Абдрахманов Туйгуналы Абдраимовго партияны башкарып берүү сунушун айтышты, - деди ал. - Алар аны жетекчи катары таанып, биргеликте шайлоого барууга даяр. Бул боюнча сүйлөшүүлөр кечээ жүрдү. Ошондой эле, Ирина Карамушкина жана Алмазбек Атамбаевдин уулдары бизден бөлүнөрү белгилүү болду.

Сартбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Туйгунаалы Абдраимов Кой-Таш айылына элдин батасын алуу үчүн барат.

- Абдраимов Кой-Ташка барып, бука союп, элдин батасын алууну пландап жатат. Андан соң шайлоого даярдыктар башталат.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов медицина илимдеринин кандитаты, 20 жылдай саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде КРнын саламаттыкты сактоо министри болуп эмгектенген. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси, ошондой эле Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы кызматтарын ээлеген.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. Журналист кызга байланышкан чырдан соң кызматынан кеткен.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх