Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков 15 жылга камалышы мүмкүн

ЖКнын экс-депутатынын жактоочулары эмнеге ага Кой-Таштагы окуялардан кийин дароо айып тагылбаганын түшүнүшпөйт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатцы Равшан Жээнбеков 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу басма сөз жыйында анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ал Жээнбеков УКМКга бир нече жолу күбө катары суракка чакырылганын, бирок, декабрдын ортосунда гана кармалганын эске салды.

«Көпчүлүк билгендей, Кой-Таштагы окуялардан кийин дароо Равшан Жээнбеков бир нече жолу күбө катары суракка алынган. 14-декабрдагы акыркы суракта ал шектүү катары кармалары белгилүү болду»,- деди Жоошев.

Юристтин айтымында, эгерде Равшан Жээнбеков бийликти күч менен басып алууга тиешеси болгондо, укук коргоо органдары аны Кой-Таштагы окуялардан кийин дароо эле кармашмак.

«Равшан Жээнбеков ал окуялардын жүрүшүндө эки тарапты тең тынчтыкка чакырып жатканын ырастаган видеолор бар. Ал күнү анын бардык аракеттери «Альфанын» жоокерлерин коргоого багытталган», - дейт жактоочу.

Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин Бишкектеги № 1-СИЗОго камакка алынган.

Экс-депутат оор жана өзгөчө оор кылмыштарга «Альфа» жоокерлерин барымтага алуу, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх