Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы жаңы Жазык-процесстик кодекси тергөөчүгө кылмышкерди жаап-жашырганга өбөлгө түзөбү?

Мурдагы күч кызматкерлери атайын тергөө амалдарынын жыйынтыктарын колдонуу жөнүндө берене кандайча башка максаттарда жана маалымат берүүдө иштээрин түшүндүрүп беришти

КРнын жаңы Жазык-процесстик кодекси тергөөчүгө өз каалоосу менен кылмыш иштерин жаап жашырууга мүмкүндүк береби? Мындай суроону бир жыл мурда күчүнө кирген КРнын Жазык-процесстик кодексиндеги «Атайын тергөө амалдарынын жыйынтыктарын башка максаттарда жана маалымат берүүдө колдонуу» жөнүндө айтылган 218-беренеге көңүл бурушкан Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары ортого салышкан.

Анда:

«Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар аларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын чечими чыгарылган, тергелип жаткан иш боюнча гана колдонулат. Эгерде башка кылмыштын кылынгандыгы же башка жазык иши боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды көрсөткөн фактылар жөнүндө маалыматтар алынган болсо, алар ишти караган же карап жаткан тергөөчүнүн жана ал ишти сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө контролдук жүргүзгөн тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен гана тиешелүү иште далил катары колдонулушу мүмкүн», - деп айтылат.

«Мурда бул «Кылмышты жаап-жашыруу» делип, мыйзам тарабынан жазаланчу, - деп жазат ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Дмитрий Федоров. - Мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн ыйгарым укуктарды берген адамдар эми алар кабардар болгон, даярдалып жаткан, жасалып жаткан же буга чейин жасалган кылмыш туурасында, иш жашырып кеткен кылмышкер жөнүндө жана башка кылмыштардын бетин ачууга жардам бериши мүмкүн болгон маалыматтар менен эмне кылууну «ойлоно» башташат. Мыйзам боюнча өзүнүн так милдеттерине киришүүнүн ордуна.

ИИМнин ардагери Токтогул Какчекеевдин пикиринде күч түзүмдөрүндөгү акыркы реформалар укуктук курамдар кылмыштуу аракеттерди мыйзамдаштырууга жана олигархтардын кызыкчылыктарын коргоого алып келүүдө.

«Кабыл алынган кодекстер - бул кылмыштуу инстинкттердин эркиндиги менен аны коргоонун куралдары», - деп жазган ал.

Бирок, башка күч кызматкерлери бул ойго толугу менен кошулбайт. КРнын УКМКсынын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов аныкталган маалыматтарды кандай колдонуу дайыма эле тергөөчүнүн эркине жараша болуп келгенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Ал маалыматты өз ишине кошуп же жаңы кылмыш ишин ачышы мүмкүн, кээде кылмыш иши ал органдын компетенциясында эмес болуп калат, мындай учурда аны жооптуу органга өткөрүп берүү керек болот, - деп түшүндүрдү ал.

Тергөөчү маалыматты жаап-жашырып коюшу мүмкүн деп мурдагыдан көбүрөөк коркуунун кажети жок, - деп ишендирди эксперт.

- Көзөмөлдөөчү прокурор бар, ал дагы болгон маалымат менен кабардар жана процессуалдык аракеттерди жетектеп турат, - деп жоошутту Мамытканов.

УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков тескери учурда тергөөчүнүн өзүнө кылмыш ишин жаап-жашыруу боюнча кылмыш иши ачылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

- 218-беренеден башка аны маалыматтарды карап чыгууга же тергөө караштуулугу боюнча өткөрүп берүүгө милдеттендирген башкалар дагы бар да, - деп эске салды ал. - Иштин материалдарын бир эле тергөөчү көрбөйт, алар менен анын жетекчилиги, прокурор дагы таанышат. Эгерде, бир нерсе протоколдонуп калса, аны өзү билип көз жаздымга калтыруу мүмкүн эмес.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх