Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Казакбаев: Дени карды соо жаш жигиттерге жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө туура эмес

Парламент мүчөсү бул акча каражаттарын пенсиядагыларга которууну сунуштады

Кыргызстанда куруучуларга суроо талап күч. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ушундай маалымат айтылды.

«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо учурунда депутат Руслан Казакбаевди Кыргызстанда эң көп суроо талапка ээ кесиптер кайсылар экени кызыктырды.

Өкмөттүн өкүлү учурда эмгек рыногунда курулуш тармагындагы жумушчулар - таш тизүүчүлөр, автокран айдоочулар, ширетүүчүлөр керектелерин айтып жооп берди.

Ошондой эле ал, өлкөдө орточо эмгек акы 15 миң сомду түзөрүн кошумчалады.

Казакбаев, мындан сырткары, Кыргызстанда жаш адамдар жумушсуздук боюнча жөлөкпул алышарын сынга алды.

- АКШ жана башка өлкөлөр IT жана башка багыттардагы биздин эң мыкты адистерибизди алып кетип жатышат, - деди Руслан Казакбаев. - Биз болсо бизге таш тизүүчүлөр жетишпейт деп отурабыз. 15 миң сом аз экенин түшүнүү керек. Сиздер ошондой эле жумушсуздук боюнча жөлөкпул айына 300 сомду түзөт деп атасыздар. Бул акчаны андан көрө пенсиядагыларга которсоңор болмок. Дени карды соо улан-кыздарга бул акча бөлүнүп жатканы туура эмес.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх