Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ангела Меркель Алмазбек Атамбаевге открытка жөнөттү

Мурдагы президенттин уулу Германиянын элчилигинен ачык катты бүгүн эле алды

Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жаңы жыл майрамы менен куттуктап открытка жиберген. Бул тууралуу анын уулу Кадырбек Атамбаев Фейсбук социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Атамбаевдин үй-бүлөсү куттуктоо кагазын Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен бүгүн гана алышты.

«Канцлер Ангела Меркель менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жалпы баалуулуктар, саясий көз караш жана ниеттердн негизинде түптөлгөн абдан жылуу мамиле куралганы эч кимге сыр эмес», - деп бул боюнча өз пикирин жазган Кадырбек Атамбаев.

Муну менен бирге ал Ангела Меркелге Германиянын каалаган жогорку окуу жайында билим алууга чакырганы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Ал ошондой эле, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков акыркы басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Германияда ага саясий камактагылар боюнча курч суроолор берилгенин эске салганын белгилеген.

«Бул үчүн дагы Меркель айымга өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем», - деп Кадыр Атамбаев сөзүн жыйынтыктап, Германиянын канцлерин жаңы жыл менен куттуктап өткөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх