Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көз карандысыз юристтердин мамлекеттик юржардамдын натыйжалуулугуна күмөнү чоң

«Акчаны го бөлүп беришти, бирок, ошол эле адвокаттар калды да»

Акыркы жылы калкка көрсөтүлгөн акысыз юридикалык жардамдын натыйжалуулугу көбөйдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго КРнын юстиция министри Марат Аманкуловдун билдиргенин буга чейин Vesti.kg сайты жарыялаган эле.

«2019-жылы 14 миң 441 жаранга кесипкөй юридикалык жардам берилген, мында алгачкы жолу жактоочулардын жардамы менен соттор 8 актоочу өкүм чыгарган, - деп маалымдаган ал. - Эгерде буга чейин бюджеттен бул максатка 16-20 млн сомго жакын акча бөлүнсө, 2019-жылы жактоочулардын кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн».
Мындан сырткары, мекеменин башчысы калкка акысыз юридикалык жардам кылмыш иштери боюнча эле эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча көрсөтүлүп жатканын дагы баса белгиледи.

Адвокат Кайрат Загибаев мындай жардамдын натыйжалуулугу убакыт өткөн сайын тездик менен болбосо дагы, акырындан өсүп жатканын четке каккан жок. Ал муну ушундай акцияларга катышып жүргөн тааныш юристтеринен улам көрүп жатканын белгиледи.

- Адвокат жок дегенде адамдарга алардын укуктары менен мүмкүндүктөрүн түшүндүрүп бере алат, иштерди эртеңкиге калбай, көбүнчө убагында бүтүп жатат, - деп өз байкоосун Vesti.kg сайтына ал бөлүштү.

Белгилүү юрист Икрамидин Айткулов акысыз коргоочулар менен консультанттардын арасында деле өз ишин ак ниет аткаргандар бар экенин моюнга алды. Бирок, анын айтымында, көпчүлүк учурда колунун учу менен эле, формалдык түрдө, ал тургай бузууларга жол берип иштешери байкалат.

- Мен мурда эле мындай юристтерди айлыкка отургузуп, алардын ишине көзөмөл кылууну күчөтүүнү сунуштагам, - деди адвокат. – Бул үчүн мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ошондо алар бул иш үчүн тырышып, жоопкерчилик да пайда болот.

Ал эми «Коррупцияга каршы кооп» Коомдук фондунун башчысы, адвокат Манас Кадыров юстиция министринин жылыш жөнүндө сөздөрүнө анчейин ишенбейт. Ал бөлүнүп жаткан акча каражаттарына карабастан юристтердин ишинин сапаты жакшырып деле кетпесин белгиледи. Кулач кеңейген менен ошол эле адвокаттар калды да, - дейт ал.

- Калкка акысыз жардам көрсөтө тургандардын фамилияларын КРнын Адвокатурасы түзөт, - деди Кадыров. – Ал жакта болсо коррупциондук схема күчүндө. 2019-жылдын ноябрь айында Антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттиги 25 миң сом өлчөмүндөгү баштапкы төгүмдөрдүн мыйзамсыздыгы боюнча соттон жеңип алышкан, бирок, Адвокатура акчаны алып эле жатат.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх