Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл тамашаны түшүнбөй, бет капчан сүрөтү сынга алынганы Исхак Пирматовду капалантты (фото)

ЖК депутаты жөн гана элдин маанайын көтөргүсү келгенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов эл азыр тамашаны түшүнбөй калганына нааразы. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган сүрөтүнүн алдындагы пикирлердин арасына жазган.

Бүгүн ЖКнын депутаты Исхак Пирматов кесиптеши Алтынбек Сулаймановду улай бет капчан сүрөтүн жүктөп, «Челленджи кабыл алам» деп алдына жазып койгон. Соцтармактын колдонуучулары эл өкүлүн сынга алып, терс комментарийлерди мөндүрдөй жаадырышкан. Көптөгөн жарандар депуттарды андан көрө чек ара маселелерин чечишсе болмок деп, Пирматовду Mortal Kombat видео оюнунун каарманы менен салыштыргандар дагы болгон.


Өз кезегинде депутат элдер тамашаны түшүнүшпөрүн айтып жооп берген.
«Тамаша иретинде эле бул сүрөттү жүктөп койдум, бир аз болсо да маанайды көтөрүү максатында. Жактырбагандар айланып эле өтүп кете берсеңер, сураныч», - деп жазган Исхак Пирматов.



Муну менен бирге депутатттык колдоого алган колдонуучулар дагы болгон.
Эске салсак, ага чейин парламент мүчөсү Алтынбек Сулайманов бет капчан сүрөтүн жүктөп, ушундай жол менен коронавирустан сактанып жатканын жазган эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх