Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбековдун камерасын түн ичинде тинтүү учурунда шектүү эсин жоготуп жыгылган

ЖАМК «СИЗОДо мыйзамдуу пландуу иш-чара жүргөн» деп жооп беришти

Учурда Бишкектеги Сизо-1де камакта жаткан ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камерасында мыйзамсыз тинтүү орун алганы боюнча арызданды. Ал Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси менен ЖАМКнын төрагасына кайрылуу жолдогон.

Жээнбековдун айтымында, кармалгандардын укуктары бузулуп, кыйноолор орун алган. Арызда ал 307-камерада жалпы кабыл алынган эрежелерге каршы жана тийиштүү буйруксуз кызматкерлердин тобу 22:00дөн кийин, башкача айтканда уктоо үчүн берилген убакыттан кийиин тинтүү иш-чараларын жүргүзө башташкан.

«Тинтүүнү 7-8 кызматкер жүргүздү. Өздөрүн абдан агрессивдүү, орой алып жүрүштү. Жерге жеке буюмдарыбызды, анын ичинде азык-түлүктөрдү, гигиеналык каражаттарды, шейшеп жана кийимдерибизди ыргытышып, кайра алардын үстүнөн тебелеп, мунун бардыгы орой мамиле жана мазактоо менен коштолуп жатты.
Тинтүү эки саатка жакын жүрдү, биз андан кийин дагы 3 саат (түнкү 3кө чейин) камеранын ичин жыйнаштырдык.
Мазактоо жана түн ичинде коридордо узак убакытта калуу түрүндөгү бул кыйноого чыдабай шектүүлөрдүн бири эси жоготуп, жерге башы менен кулап түштү. Ага медициналык жардам чакырууга туура келди, бул камерадагы абалды ого бетер чыңалтып жиберди. Башка шектүүнүн кан басымы жогорулап, ага дагы медициналык жардам көрсөтүлдү», - деп жазган мурдагы эл өкүлү арызында.

Жээнбеков жыйынтыкта тергөөдөгү камактагылар эс ала алышпаганын, ал эми ал жеке өзү эртең менен 8:00дө ИИМге суракка барышы керек болчу экенин тактаган.
«Бирок түндөгү кыйноолор иш менен жакшылап таанышууга мүмкүнчүлүк берген жок», - деп Жээнбеков жазган.

Мындан сырткары, Жээнбеков СИЗОнун кызматкерлеринен ага карата кысым «өйдө жактан» уюшулуп жатканын байма-бай угарын айтып берген.
«Жооп берүүңүздөрдү суранам - бул саясий камактагы оппозициялык саясатчы катары мага карата атайын уюштурулган кыйноо эмеспи?», - ндеп жазган ал.

Ал ортодо ЖАМК текшерүү иштери мыйзам ченемдүү иш экенин Vesti.kg сайтына билдиришти.
-Пландуу жана пландуу эмес тинтүү иштери жүргүзүлүп турат, - деп такташты мекемеде. – Бул СИЗО кызматкерлери тарабынан болгон мыйзамдуу иш-аракеттер. Алар камераларды түн ичинде тинтүүгө укуктары бар.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх