Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евгения Строкова: Депутаттар кеткиче өкмөттү түшүргөнгө деле жетишет

Парламент мүчөсү дарыгерлер менен мугалимдерге турак-жай берүүдөгү абалды катуу сынга алды

Депутат Евгения Строкова өкмөт тарабынан дарыгерлер менен мугалимдерге батир берүүдө мыйзам бузуулар болуп жатканын сындап чыкты. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

- Мен көп ирет профилдик комитеттерге кайрылып, эмнеге айрым дарыгерлер батир алып, аларды менчиктештире алат, а башкалары үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүн да ал жерге каттата алышпай жатканын сурагам, - деп белгиледи ал. - Мен ошол бойдон жооп ала алган жокмун. Биздин жумушчу топ бул суроо боюнча мекеме аралык комиссия түзгүлө деп канча жолу кайрылды, жнгана көз жумуп коюп жатышат.

Строкова ага өкмөттүн айрым аткаминерлеринин «депутаттар жакында кетет, алардын сөздөрүн укпай эле коюш керек» өңдүү сөздөрү жетип жатканын кошумчалады.

- Мындай улана берсе, бизде өкмөттү түшүргөнгө деле убактыбыз бар, - деп баш чайкады ал. - Биз кабмин менен көйгөйдү чечип туруп, анан шашпай кетебиз.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх