Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саймаитинин иши боюнча депкомиссиянын жыйынына «Азаттыктын» жетекчилиги чакырылды

Резонанстык ишти талкуулоо боюнча жумуштук жолугушуу эртең ЖКда өтөт

Эртең, 31-январда жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана «Азаттык» радиосунун жетекчилиги чакырылган.

Эске салсак, парламент мүчөлөрүнүн мурунку жумуштук жолугушуусунда Финчалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ошондой эле МСКнын башчысы Кабыл Абдалиев катышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх