«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору: Эгерде өкмөт мени бошотууну сунуштаса, демек, мен бул кызматка татыксызмын
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев учурда мекеменин кызматчыларына 100гө жакын кылмыш иши козголгонун билдирди
МККнын алдындагы «Унаа» мамлекеттик агенттигинин директору Алымжан Козубаев Коопсуздук кеңешин аны кызматтан алууну сунуштаганы боюнча өз пикирин Vesti.kg сайтына билдирүүдөн баш тартты.
- Коопсуздук кеңешинин сунуштары боюнча мен эч нерсе деп айта албайм, - деди Козубаев. - Бул туура эмес болуп калат. Эгерде, мындай чечим кабыл алынса, демек мен ошого татыктуумун. Бир катар долбоорлорду эмнеге жүзөгө ашыра албай калганыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Мен отурумда бардык маалыматты бергем.
Кечээ, 30-январда жумушчу топтун отурумунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2018-2019-жылдар арасында «Унаанын» кызматкерлерине 100гө жакын кылмыш иши козголгонун билдирген.
Сагынбаевдин айтымында мамлекеттик мекеменин жетекчилиги документтердин автоматтыштырылган маалымат базасына айдоочулук укуктан ажыратылган айдоочулар жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизген эмес. «Унаа» МИнын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча пландалган бир катар долбоорлор ошол бойдон кагаз жүзүндө калып, ишке ашырылган эмес.
«Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун тажрыйбасында аткарылбаган иш-чаралардын мындай пайызы (56%) биринчи жолу байкалды»,- дейт Сагынбаев.
Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү начар координацияланып жатканын билдирген.
Мамлекеттик мекеменин системдик коррупцияны жоюу боюнча планды ишке ашырылышын канааттандырарлык эмес деп табылган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Эльдос Казыбеков
Фото www