Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдор боюнча иликтөө даярдаган журналист Али Токтакунов Кыргызстанга кайтып келерин билдирди

Ал депутаттардын суроолоруна азыр деле жооп берүүгө даяр экенин айтты

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагында билдирген.

«Мен онлайн байланыш аркылуу чыгып, азыр суроолорго жооп бере алам. Андан тышкары жакын арада Кыргызстанга барып, депутаттарга көзмө-көз, түз жолугуп жооп бере алам», - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште Айеркен Сайматинин иши боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Жолугушуу учурунда Матраимовдор боюнча резонанс жараткан иликтөөнү даярдаган «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов менен видео байланыш аркылуу маектешүү сунушу айтылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх