Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссияда чыр алдында турабы?
Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири бир беткей тыянакка ачууланып, комиссиянын курамынан чыга турганын билдирди
КСДП 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, жактоочу Жаманкул Жунусовдун ачык билдирүүсүн жарыялады. Анда Жунусов кесиптештери сунуштаган тыянактын долбооруна макул эместигин билдирген.
“Коомдук комиссия сунуштап жаткан тыянактын долбоору бир беткей даярдалып, ал окуялардын келип чыгуу себептерин ачыктабайт, күнөөсүздүк жоромолу принцибин эске албай, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарын күнөөлүү деп тапкан. Жүздөгөн жаралангандар менен жабыркагандардын, аталган окуялардан кийин мыйзамсыз кармалгандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары комиссиянын көз жаздымында калган. Комиссиянын тыянагына сунуштаган менин ой-пикирлерим көңүлгө алынбай, тоготулган жок. Буга байланыштуу мен Коомдук комиссияда калуумду маанисиз жана пайдасыз деп эсептейм жана бул комиссиянын курамынан чыга турганымды билдирем», - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Ошондой эле, ал ИИМнин тергөө тобунун жетекчиси Аширходжаев Э.Ж. Кыргызстандын экс-президенти Атамбаев А.Шны күч менен мажбурлап суракка алып келүү токтомун чыгаруу менен одоно мыйзам бузганын, ал эми УКМКнын төрагасы Опумбаев О. Н. эл алдында президент Жээнбеков Кой-Таш айылында пландалып жаткан операция тууралуу кабардар болгонун айтканын жана ал сунушталган 5 варианттын ичинен ушуну жеке өзү тандаганын, муну менен Жээнбеков өз ыйгарым укуктарын аша чапканын, анткени, анда күбөлөрдү иш боюнча алып келүү боюнча эч кандай ыйгарым укуктар Конституция боюнча жок экенин да белгилеген.
КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www