Ош базарында манты жеп отурган Алтынбек Сулаймановдун сүрөтүн «показуха» дешүүдө (фото)
Интернет колдонуучуларынын пикиринде бул шайлоо алдындагы кезектеги орунсуз пиар
Кечээ Instagram социалдык тармагында ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов Ош базарында манты жеп отурган жеринен тартылган сүрөтүн жүктөгөн эле.
Көптөгөн интернет колдонуучулар муну сынга алып, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында орунсуз пиар катары сыпатташкан.
Айрымдар сүрөттү «показуха» дешип, эл өкүлдөрү мындай жол менен элге «жакындыгын» көрсөткүлөрү келгенин белгилешкен.
Өз кезегинде Алтынбек Сулайманов ал дайыма эле элдин арасында жүргөнүн айтып жооп берген.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз