Абылгазиев: Мага чек арадан өткөн жаныбарлар туурасында да маалымат беришет
Премьер чек арадагы көйгөйлөрдү чечпегени үчүн ЖКда сынга кабылды
Депутат Карамат Орозова өкмөттү «чек арадагы көйгөйлөрдү чечпейсиңер» деп парламенттин жыйынында сынга алды.
Эл нааразы, ал эми өкмөттүн мүчөлөрү ЖКнын отурумдарына келишпейт, - деди ал. - Мындай маселелерди депутаттар көтөрүп чыкпай, кабмин бизге сунуштары менен келиши керек да.
Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев эл өкүлүнө анын ар бир иш күнү чек арадагы абалды талкуулоо менен башталарын айтып жооп берди.
- Мага чек арадан өткөн жаныбарлар туурасында да маалымат беришет, - деп ишендирди ал. - Эгерде бул маселелер бизге эле чечилсе, анда эч кандай көйгөйлөр эчак эле калмак эмес. Бирок, бизге коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет. Анын үстүнө, ал аймакта чагымчыл аракеттер болуп турат, андыктан, биз жергиликтүү тургундар менен тынчтыкты сактагыла деп суранып, тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Жениш Разаков эки күндөн бери чыр чыккан жерде иш алып барып, жер алмашуу боюнча макулдашууда.
Эске салсак, бүгүн депутаттар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке талкуулашууда. Ал ӨКМдин башчылыгына кете турган Замир Аскаровдун ордуна келиши мүмкүн. Буга чейин премьер Асрандиевди экономикалык блокту тескөө үчүн тандаганын, ал эми башка вице-премьер Жениш Разаков бул учурда чек ара маселелерине көбүрөөк көңүл бөлө алмактыгын белгилеген.
Вероника Малышева
Фото www