Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы вице-премьерлик кызмат үчүн кантип ири маянасынан баш тартканына таң калды

Парламентте вице-премьерликке көрсөтүлгөн Эрик Асрандиевдин талапкерлиги талкуланууда

Депутат Дастан Бекешев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы кантип вице-премьерлик кызматка макул болгонун түшүнбөйт. Анткени, вице-премьер катары ал мурунку айлыгынан 10 эсе аз маяна алып калат.

Тактай кетсек, бүгүн парламентте ӨКМнин башчылыгына келиши мүмкүн болгон вице-премьер Замирбек Аскаровдун ордуна Асрандиевдин талапкерлиги каралууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев Асрандиев жаңы кызматка макул болгуча аны менен узак сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтып жооп берди.

Бирок, шайлоого чейин аз эле убакыт калбадыбы, өкмөт ошондо эми болгону 200гө жакын күн эле иштейт, - деп эске салды Бекешев. - Жаңы вице-премьер ушул убакыт аралыгында эмнени иштеп жетишет?

Буга Эркин Асрандиев ЕАЭБнин алкагында иш алып барууга басым жасай турганын айтты.

- Биз аймактык долбоорлорду каржылоо боюнча координациялык топту түзүүнү пландаганбыз, - деди ал. - Мен бул иштин аягына чыгууга аракет кылам.


Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх