Депутат Момбеков: Жеңиш Разаков иштегенден бери чек аранын эки метрин дагы чече алган жок
Жеңиш Разаковдун ишин Жогорку Кеңеште кескин сынга алышты
Өкмөттүн көпчүлүк бөлүгү алмашылганы менен эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мындай пикирин парламенттин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков бөлүштү.
Эске салсак, бүгүн депутаттар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке карашууда.
- Абылгазиевдин өкмөтү келгенде мен балдар келип, чалдар келмей болду деп күлгөн элем, - деди Момбеков. - Кабминде дээрлик бардык министрлер алмашты, жыйынтык, бирок, баары бир жок. Азыр болсо премьер Жеңиш Разаков эми чек ара маселелерине көбүрөөк көңүл бөлө алат деп жатат. Бирок, ал иштегенден бери чек аранын эки метрин чечкенге жарабаса, ага кантип ушундай ыйгарым укуктарды берсе болот?
Депутат Разаков ЕАЭБдеги ишин да жөндөп иштей албаганын кошумчалады.
- Мигранттарыбыздын акча которуулары жөнүндө маселе мындан башка толгон-токой көйгөйлөр сыяктуу эле ошол бойдон чечилген жок, - деп баш чайкады эл өкүлү.
Вероника Малышева
Фото www