Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наталья Никитенко: Өкмөт эптеп шайлоого чейин отура турсак дегендей сезилет

Премьер-министр көптөгөн көйгөйлөр ал кабминдин башчылыгына келгиче чеиин эле пайда болгонун депутатка айтты

Өлкөдө көйгөйлөр көбөйгөндөн көбөйүп, бирок, аларды эч ким чечпей жатканынан коомчулук чарчады. Мындай пикирин парламенттин пленардык жыйынында депутат Наталья Никитенко бөлүштү.

- Кабмин бардык көйгөйлөрдү чечүүнү шайлоодон кийин келе турган өкмөттүн мойнуна илейин деп чечкендей туюлат, - деди ал. - Мисалы, биз милдеттүү камсыздандырууну же фискалдаштырууну киргизүүнүн мөөнөттөрүн улам жылдырып келебиз. Бардыгы эле муну айтышат, бирок, жасаган эч ким жок.

Эл өкүлү, ошондой эле Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу чыккан чыр жөнүндө да эске салды.

- Эгерде аткаминерлер жер-жерлерге барып, калк менен сүйлөшүп турганда мындай болбойт эле го, - деди Никитенко. - Эми Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу башталат. Жергиликтүү жашоочулар нааразы, бирок ал жакка дагы өкмөттөн эч ким барган жок. Азыр жаңы вице-премьердин талапкерлигин шайлоого чейин отуруп берсин деп сунуштап жатышабы?

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт өз ыйгарым укуктарынын чегинде болгон аракетти көрүп жатканын, бирок, көптөгөн көйгөйлөр жылдап чогулганын депутатка айтып жооп берген.

- Уранды казууга лицензияны 10 жыл мурда беришкен, милдеттүү камсыздандыруу боюнча да ушунча эле убакыттан бери сөз кылынып келет - бул көйгөйлөр биз өкмөткө келгенге чейин эле, көп жылдар мурда пайда болгон, - деди премьер. - Бул маселелерди чечүүдөн мурда бул жарандардын жашоосуна кандай таасир эте турганы жөнүндө ойлонуу зарыл. Бардыгы эле өкмөткө байланыштуу эмес. Бирок, биз эч качан шайлоого чейин эле эптеп отуруп кетүү жөнүндө ойлогон эмеспиз. Өкмөт мыйзам тарабынан белгиленген мөөнөткө чейин колдон келген аракетти көрүүнү улантат.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх