Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эркин Асрандиев буту бутуна тийбей өкмөттө чуркап иштеп жүрүп тажрыйба топтогон»

Серепчилер жаңы вице-премьер ишинде тың болот деп ишенишет

Эркин Асрандиев өз ишинин чыныгы профессионалы, ал вице-премьерлик кызматына татыктуу. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Иштиктүү кеңештин президенти, экономист Гани Абдирасилов бөлүштү.

- Мен Эрик Асрандиевди көп убакыттан бери билем, биз бир нече жыл чогуу иштешкенбиз, - деди ал. Ал маалда Асрандиев өкмөттүн алдындагы мамкомиссиянын насыяларды кайтаруу бөлүмүн жетектечү. Ал буту бутуна тийбей ошол жерде чуркап иштеп жүрүп, дал ошол жерден тажрыйба топтоду. Ал жөнүндө ар кандай сөздөрдү жазып жатышат, мен алардын бирине да ишенбейм. Албетте, вице-премьерлик ордунда мурдагыга караганда жоопкерчилиги көп болот. Мен ага ийгилик гана каалап кетмекчимин.

Гани Калиевич вице-премьерди алмаштыруу туура болгонун, анткени, Замирбек Аскаров бул кызматта начар иштеп жатканын кошумчалады.

- Аскаров бул кызматта отурган мөөнөттө эч кандай оң жылыштар болгон жок, - деди эксперт. - Кеткени жакшы болду.

Өз кезегинде саясат таануучу Марат Казакпаев дагы Замирбек Аскаров вице-премьерлик кыматтан кетиши керек болчу деп эсептейт.

- Ал эле эмес, бүткүндөй парламент тезинен отставкага кетиши керек, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Экономика бир орунда турат, кирген инвестиция жок. Ал эми Аскаров ЕАЭБдеги биздин өлкөнүн көйгөйлөрүн эч эле чечкен жок. Мен кээде өкмөт парламентте көрсөткөн отчеттордун бардыгы жасалма деп да ойлоп кетем. Азыр Замирбек Аскаровдун эле эмес, башка вице-премьерлердин дагы каталары көрүнүп калды: Жеңиш Разаков элдер менен соттошуп жүрөт, Кубатбек Бороновду дегеле көрбөйсүң. Асрандиев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда иштебедиби, аракет кылар деп үмүт артып жатам. ЕАЭБде да ишти алдыга жылдыра алат деп ишенем.

Эске салсак, бүгүн парламент Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке, Замирбек Аскаровду ӨКМнин башчылыгына жактырган.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх