Кыргызстанда финансылык пирамидалар көбөйүүдөбү?
Депутат Дастан Бекешев финполицияга күмөндүү курулуш компанияларына көңүл бурууну суранды
Мамлекеттик ипотекалык компанияга документ тапшырган кыргызстандыктар турак-жай ала албай жатышат. Мындай маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев көтөрдү .
- Кезеги жетип, бирок, там ала албаган жарандар бар. Мамлекетттик ипотекалык компанияга эмне болду? - деп ачууланды ал.
Муну менен бирге депутат финполицияга кайрылып, турак-жай кооперативдерине көңүл бурууну суранды.
- «30 пайызын төлөп коюп, кезегиңди күт» деген компаниялар бүгүнкү күндө пайда болду, - деди Бекешев. - Бул финансылык пирамида да. ЭКККМК, буларга назар салсаңыздар.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Комментарии