Көмүр ташыган айдоочулар Бишкек ЖЭБнин жетекчилигине нааразы. Арыз-муңдарын алар депутат Жамалдиновго билдиришкен
Парламент мүчөсүнүн айтымында жүк ташуучу унаалар токтотуучу жайлардын жоктугунан суткалап жолдун жээгинде кезектерин күткөнгө аргасыз
Бишкек ЖЭБне көмүр ташыган айдоочулар мекеменин жетекчилигине нааразычылыктарын ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов аркылуу билдиришкен.
Эл өкүлүнүн айтымында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары токтотуучу жайлардын жоктугунан суткалап жолдун жээгинде кезектерин күткөнгө аргасыз.
- Көмүрдү түштүктөн ташышат, алар кышында эки ашуудан өтүп, суткалап жолдо жүрүшөт, - деди Жамалдинов. - Акырында ЖЭБ даяр көмүрдү убагында түшүрүп ала албайт. Жүк ташуучу унааларга токтотуучу жайлардын жоктугунан алар өз кезектерин жолдун жээгинде күтүшөт экен. Ал жактан аларды автоинспекторлор кууйт. ЖЭБдин жетекчилиги көмүрдү кабыл алууну ирээтке келтирип алса болот го, айдоочуларды күндөп-түндөп жолдо күттүрбөй. Алардын территориясы чоң го.
Зулайка Эркимбаева
Фото www