Бакыт Төрөбаев: Өкмөт элибизди кыйнап жаткан жокпу?
Депутат чек арадагы көйгөйлөр менен АКШга кирүүгө салынган чектөөлөр боюнча кабминди сынга алды
ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаевдин айтымында өкмөттү «колунун учу менен» иштөөдө. Парламенттин жыйынында ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги абалды изилдеп чыкканын билдирген.
- Ал жерде чынында эле көйгөйлөр жана коррупция бар, - деди Төрөбаев. - Өкмөт чек рада биздин продукциялар эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жатканын айткан. Биздин ишкердин жүгү ал жерде 20 күн турганына биз өзүбүз күбө болдук. Ишкерлер зыянга учурап жатышат.
Мындан сырткары, парламент мүчөсү Кыргызстан жарандарына АКШга кирүүгө чектөө коюлганына дагы токтолду.
- Биздин өкмөт өзүн терс жактан көрсөткөнү үчүн АКШ биздин жарандарыбызга кирүүгө чектөө коюп койду, - деди Төрөбаев. - Президенттер жолугуп, чек аралардагы көйгөйлөрдү чечип жатышса, өкмөттүн мүчөлөрү кабинетте отуруп алып, карта менен муну талкуулашат. Биздин өкмөт элибизди кыйнап жаткан жокпу? Колдорунун учу менен эле иштегендей. Өлкөдө болсо абал бул.
Зулайка Эркимбаева
Фото www