Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уу-дуу кептерди жараткан «Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкулов жаңы партия жөнүндө маек курду

Ал азырынча саясий бирикменин мүчөлөрүнүн тизмеси тууралуу кеп кылуу али эрте экенин айтты

Жаңы «Биримдик» партиясынын төрагасы, ЖК депутаты Марат Аманкулов Vesti.kg сайтынын «Жаңы саясий кыймылды КСДПнын орун басары -бийликчил партия катары эсептөөгө болобу?» деген суроосуна так жооп берген жок.

- Бул сиздер бул түшүнүктү кандайча чечмелейсиздер, ошого жараша болот, - деп жооп берди.

«Биримдиктин» тегерегинде көп сөздөр жүрүп жатканын белгилеп кетүү туура болор. Партияга тигил же бул атактуу саясатчынын кошулганы тууралуу маалымат биринен сала бири пайда болуп жатты. Бирок, кийинчерээк алардын дээрлик бардыгы бул сөздөрдү четке кагып чыгышкан.

Көптөгөндөр кыргыз саясий салтын улай шайлоого жакын саясий бирикмеге баягы эле биз Жогорку Кеңештин жыйындарында көрүп жүргөн саясатчыларга толот деген пикирде.

- Ушак-айыңдар менен божомолдор боюнча эми эмне дей алабыз? – деди Аманкулов. - Такталбаган маалыматтардын жоктугу мындай сөздөргө себеп болуп жатат го.
Анын айтымында, партиянын тизмеси жана дегеле курамы жөнүндө сөз кылууга али эрте. Кечээ гана «Биримдиктин» өкүлдөрү Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу өнүгүү жолун табууну максат кылган ата мекендик интеллигенциянын катышуусунда тегерек үстөл өткөрдү.

- Биз коомчулук менен диалог баштайлык деп жатабыз, - деди төрага. - СССРдин лидерлеринин бири Андропов айткандай «биз өзүбүз жашап, иштеген өлкөбүздү билбейбиз». Өнүгүү үчүн биз ким экенибизди, кайдан келгенибизди түшүнүшүбүз керек. Ушундай ой менен биз өлкөнүн интеллектуалдык өкүлдөрүн чакырдык. Биз алардын пикирин угалык дедик жана бул диалог кулачын жайып уланат.

Белгилей кетсек, буга чейин ар кандай ЖМКлар булактарга таянып, «Биримдик» партиясынын келечектеги же учурдагы мүчөлөрүнүн божомолдуу тизмесин жарыялашкан. Ага Марат Аманкулов (КСДП), Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Улан Примов (КСДП), Курманкул Зулушев («Республика – Ата-Журт»), Асылбек Жээнбеков (КСДП), Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Азамат Арапбаев (КСДП), Аида Касымалиева (КСДП, Исхак Пирматов («Бир Бол»), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Бакыт Торобаев («Өнүгүү – Прогресс»), Жениш Молдокматов («Замандаш»), Тынчтыкбек Шайназаров («Өнүгүү– Прогресс»), Мирлан Бакиров («Өнүгүү– Прогресс»), Бактыбек Райымкулов («Республика – Ата-Журт») жана Тазабек Икрамов («Өнүгүү – Прогресс») киришкен.

Саясий бирикмеге мурдагы депутат Карганбек Самаковдун жана бизнесмен Аскар Салымбековдун өкүлдөрүнүн кирери тууралуу да имиштер айтылган.

Ал эми Марат Аманкуловдун төрагалыкка келгени - сыр эмес. Ал муну кечээки тегерек үстөлдө да ага чейин да ырастаган.

Айнуру Алтыбаева дагы партияга мүчө болгонун моюндаган. Бирок, партиянын катарына президенттин бир тууганы киреби-жокпу ачык айтуудан качкан:

«Парламентте 120 депутат бар. Алардын ар бири кайсы партияга кирерин өзү чечет, - деген ал. - Асылбек Жээнбеков дагы ошондой. Ар кандай болушу мүмкүн, балким бизге кошулат. Мен, бирок, так айта албайм. Бул суроону анын өзүнө берүү туура болот».

Төрөбай Зулпукаров кечээ «Биримдиктин» да, башка партиянын да мүчөсү эмес экенин билдирди. Бирок, саясий бирикме менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын танган жок.

Курманкул Зулушев дагы кайсы партия менен шайлоого барарын чече элегин, андыктан азыр «Биримдикте» эмес экенин Vesti.kg сайтына бөлүштү.

Вице-спикер​ Аида Касымалиева «Биримдикке» мүчө болгону жөнүндө айтылган маалымат боюнча төмөнкүчө жооп берди:

«Мен бул маалыматты интернеттен окудум, блогерлер жазган экен, - деп ишендирди депутат. - Кайдан алышты билбейм. Жеке булактардан дешиптир. Бирок, бул такталбаган маалымат. Азыр Жогорку Кеңеште «Биримдик» партиясы, анын тизмеси жөнүндө эч кандай сөз жүгргөн жок. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, ири партиялар менен сүйлөшүүлөр болгон. Шайлоого алар менен бирге баруу сунушу түшкөн. Бирок, азырынча так эмес».

Анткен менен, ЖМКлар 2015-жылы Аида Касымалиева КСДПге мүчө болгонун да акырына чейин танып, съездде тизме жарыяланганда гана моюндаганын эске салышат.

Айнуру Алтыбаеванын айтымында, «Биримдик» партиясы 2005-жылы Ошто түзүлгөн. Аны 10 айым, алардын ичинде Айнуру Алтыбаева өзү дагы негиздеген.

2010-жылы саясий бирикме «Ар-Намыс» партиясынын курамы менен парламентке кирип, бирок, 2015-жылкы шайлоодо өз алдынча чыккан. Анда партияны 2014-жылы «Ата Мекен» партиясы кууп чыккан Карганбек Самаков жетектеп турган эле.

«Биримдик» менен «Замандаш» 202-жылы жергиликтүү шайлоолордо биригет деген да сөздөр жок эмес.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх