Нарын облусунда логистикалык борбордун курулушуна каршы эл митингге чыкты
Жергиликтүү жашоочулар кытай инвесторлорунан кооптонушат
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жергиликтүү жашоочулар логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыкты.
Алар курулушка бөлүнгөн жерди кытай тарапка берип коюшат деп шек санашууда.
- Биз кытай инвесторлордун инвесторлор болушуна каршыбыз, - дешти митингчилер. - Алар кийин борбор салынган жерди тартып алышпайт деп ким кепилдик бере алат? Эмнеге башка өлкөлөрдөн инвесторлор жок? Бизге эч кандай логистикалык борбордун кереги жок. Биз өкмөткө ишенбейбиз.
Өкмөттүн өкүлдөрү жер инвесторлорго ижарага берилерин айтып түшүндүрүштү.
- Логистикалык борбор курула турган аймак Нарын СЭЗине караштуу болот, - деп такташты кабминде. Кытай тарап жерди ижарага алат. Жумушчулардын 5 пайызы гана Кытайдан, ал эми калганы кыргызстандыктар болот.
Гулиза Чудубаева
Фото www