Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы бир нече депутат «Биримдик» партиясына кошуларын ачыкташты

«Азырынча эч ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокмун. Бирок, «Биримдик» менен эле чыгам го деп ойлоп жатам»

Соцтармактын колдонуучулары тарабынан «Биримдиктин» [потенциалдуу] мүчөлөрү деп аталышкан бир нече депутат бул партияга катыштыгы бар экенин ачыкташты.
Мисалга, Азамат Арапбаев (КСДП) бул саясий бирикмеге расмий түрдө кошулганын айтуу али эрте экенин, бирок, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жашырган жок.

Арапбаевдин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан кесиптеши Бактыбек Райымкулов: «Мен азырынча эч нерсе чече элекмин», - деди Vesti.kg сайтына. - Албетте, шайлоого барам. Мага ар кандай сунуштар түшүп жатат, бирок, эч ким менен азыр макулдашкан жокмун. Бирок, «Биримдиктен» чыгам го деп ойлоп жатам.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков (КСДП) партияга киргени же кирбегени тууралуу жооп берүүгө караманча каршы туруп койду.

-Мен жөнүндө ким айтты, ошолордон барып сурап алгыла, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкулов «Жаңы саясий кыймылды КСДПнын орун басары -бийликчил партия катары эсептөөгө болобу?» деген суроосуна так жооп бербегенин жазган.

- Бул сиздер бул түшүнүктү кандайча чечмелейсиздер, ошого жараша болот, - деп жооп берген ал Vesti.kg сайтына.
Аманкулов партиянын тизмеси жана дегеле курамы жөнүндө сөз кылууга али эрте экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин ар кандай ЖМКлар булактарга таянып, «Биримдик» партиясынын келечектеги же учурдагы мүчөлөрүнүн божомолдуу тизмесин жарыялашкан. Ага Марат Аманкулов (КСДП), Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Улан Примов (КСДП), Курманкул Зулушев («Республика – Ата-Журт»), Асылбек Жээнбеков (КСДП), Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Азамат Арапбаев (КСДП), Аида Касымалиева (КСДП, Исхак Пирматов («Бир Бол»), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Бакыт Торобаев («Өнүгүү – Прогресс»), Жениш Молдокматов («Замандаш»), Тынчтыкбек Шайназаров («Өнүгүү– Прогресс»), Мирлан Бакиров («Өнүгүү– Прогресс»), Бактыбек Райымкулов («Республика – Ата-Журт») жана Тазабек Икрамов («Өнүгүү – Прогресс») киришкен.

Саясий бирикмеге мурдагы депутат Карганбек Самаковдун жана бизнесмен Аскар Салымбековдун өкүлдөрүнүн кирери тууралуу да имиштер айтылган.

Марат Аманкуловдон сырткары, партияга мүчө болгонун Айнуру Алтыбаева дагы моюндаган. Ал ошондой эле, Асылбек Жээнбеков «Биримдикке» кириши да, кирбей да калышы мүмкүн экенин журналисттерге айткан.

Төрөбай Зулпукаров жана Курманкул Зулушев партияга мүчө эмеспиз дешип, бирок, ар кандай саясий биримдиктер менен анын ичинде «Биримдик» менен дагы сүйлөшүп жатышканын билдиришкен.

Вице-спикер​ Аида Касымалиева дагы ушундай эле жооп берген: партияга киргенин ал «такталбаган маалымат» деп атап, ага ар кандай партиялардан сунуштар түшүп жатканын жашырган эмес.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх