Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Бакиев Аскар Акаевге көңүл айтты

 Курманбек Бакиев Кыргызстандын туңгуч президентине сабыр тилеп, азасын тең бөлүшөрүн билдирди

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Аскар Акаевге уулу Айдардын мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Бакиевдердин үй-бүлөсүн жакындан тааныган журналист Аскат Тейит бөлүштү.

«Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Акаев Аскар Акаевичке уулу Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дуйшеновна сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен, Бакиев Курманбек Салиевич», - деп жазылган кайрылууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх