Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Сен оштуктар жөнүндө сүйлөдүң беле? Сүйлөсөң-сүйлөбөсөң деле далилдеп, сени кирчү жериңе киргизем”. Фархат Баабиев УКМКнын кызматкерлери аны кантип видео кайрылуу жаздырууга көндүрүшкөнүн айтып берди (фото)

Атамбаевдин тарапташы УКМКнын кызматкерлери аны менен кантип жана эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн төкпөй-чачпай баяндаган

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү тарапташтарынын бири Фархат Баабиев өзүнүн ачык билдирүүсүн таратып, анда КРнын аскер прокурору Нуркамал Набиевден прокурордук текшерүү жүргүзүүнү өтүнүп, анын укуктарын коргоону суранган.
Төмөндө анын арызынын текстин келтиребиз.

“Мен Баабиев Фархат Жекшенбекович 07.08.2019-жылы Кой-Таш окуясын боюнча үстүмөн иш козголуп, бүгүнку күндө №1-тергөө абагында камакта олтурам. 13.08.2019-жылы мени Беловодск айылынан таңкы саат 6:00дон 7:00го чейин УКМКнын оперлери колго түшүрүшкөн. Аталган айылдагы УКМКнын бөлүмүнөн мени кармаган оперлер өз алдынча сурак жүргүзүшүп, болжолу менен 9:00 чамасында Бишкек шаарына алып жөнөшкөн, 12:00, 13:00 чамасында мени Абдрахманов менен Скрябин көчөсүнүн аймагындагы “Дастан” –корпорациясынын жанындагы УКМКнын бөлүмүнө алып келишип, мага адвокат сунуштабай, ошол бөлүмдүн кызматкерлери кечки 16:00, 17:00го чейин сурак жүргүзүшүп, баса белгилей кетчү жагдай- мени Аман деген жигит менен телефон аркылуу регион аралык кастыкты козуткансың деп мага “Samsung”-үлгүсүндөгү уюлдук телефонуна бар диктофон аркылуу ошол сүйлөшүлгөн үндү 13.08.2019-жылы саат 13,14:00 чамасында угузушкан.

Ошол эле күнү менин чөнтөгүмдөгү буюм-тайым жана тактап айтканда мендеги уюлдук телефонду да алып коюшкан. 18,19:00 чамасында мени ГСУга жеткизип келишип Сыдыгалиев Абдирайым Мамытович аттуу тергөөчүгө тапшырып кетишкен. Ал тергөөчү мени суракка алып, түн ичинде мени Ак-Ордо конушундагы жашаган жериме жеткизип барып, эртеси саат 11:00го ГСУга чакырып кеткен. Мен макул болуп эртеси таңкы 7:00 чамасында уктап жаткан жеримден ойготуп ИИМ кызматкерлери жашыл түстөгү “Тайота Хайландер” маркасындагы авто унаа менен алып кетишкен, өзүлөрүнүн иш бөлмөсүнө тергөөчү Сыдыгалиев А.Мдин кабинетине алып барып тапшырып кетери менен, менин мурунку күнү 13.08.2019 ГСУга жеткизип барган УКМКнын кызматкери кирип, тергөөчүдөн өткөзүп алып, өз унаасы менен УКМКнын имаратына алып бара жатып, унаасынын ичинен: “Фархат сен Аман менен жанагы оштуктар боюнча сүйлөдүң беле? Сүйлөсөң сүйлөбөсөң деле далилдеп, сени кирчү жериңе киргизем”- деп коркуткан жана моралдык жактан кысым көрсөткөн.

Саат 11:40 чамасында УКМКнын борбордук конторасына алып кирип, экинчи кабаттагы бөлмөгө киргизери менен УКМКнын кызматкерлери жабалактап келишип, “сен эмне антип сүйлөйсүң”?-деп коркутуп киришти. Болжолу менен 20,30 мүнөт чамасында башка иш бөлмөгө алып киришип, менин жарадар экенимди көрүп, билип турушуп, медициналык жардам көрсөтпөй жана жактоочу чакырып беришпей, өзүлөрү каалагандай мыйзамсыз иш алып барып башташты. Болжолу менен 15,16:00 чамасында УКМКнын орун басары, башкы тергөө башкармалыгынын кызматкери Сагынбек Самидин уулу биз отурган бөлмөгө кирип, мени менен учурашып, өзүнүн кызматкерлерине, “мен айткан боюнча иш алып баргыла, курсагы ачса чай бергиле”- деп чыгып кетти.

Ошол учурда УКМК кызматкеринин бири “Фархат! Сенин ишиң оор, бул регион аралык кастыкты козутуу, 313-берене менен он беш жылга чейин эркиңен ажыратыласың, сага азыркы кирген шеф жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат, сен биз менен кызматташтык келишимин түзсөң бул кылмыш ишиң козгобой жаап коёбуз”- деген сунуш киргизди. Мен алардан ал кызматташуу кандай түзүлөт?-десем, алар мага сени “биз телефондун видео камерасына тартабыз, сен биз жазып берген текстти жаттап, ошону гана видеокамерага айтып кой, болду, ошо менен иш бүттү”- деп түшүндүрүп беришти.

Мен берки кылмыш иштери бар, мунун кереги жок. Жабылса жабылышсын деген түшунүк менен макул болдум, алар мага берген текстте мен президент менен депутаттан кечирим сурап, Алмазбек Шаршеновичти ашкерелеп жамандашым керек экенимди түшүнүп, мен ал тексти жаттап видеого тартылуудан баш тарттым. Эгер алар мени бир нерсе кылып мажбурласа мен өзүмө, озүм кол салаарымды жана алардын жооп берип каларын эскерттим. Ошол эле видеого 3,4 саат убактыбыз короду, акыры мен өзүм берген текстке макул болушуп өз сөздөрүн да бир аз кошуп, элден кечирим сураган видеону УКМКнын кызматкерлери телефондун камерасына тартышты. Мен ал видеодо ак кепка кийип, жеңдүү тор көйнөкчөн болуп түшкөм. Алар видеоону тартып бүтүшүп, сырттан флешка алып келип, өзүлөрү күнөөлөп жаткан “Аман”- аттуу бала менен сүйлөшкөн аудио жазууну дагы бир ирет угузушту. Алардын бирөөсү видеокайрылууну алып чыгып кетип, бир аздан кийин кайтып кирип “шеф жарайт”- деди деп, ал видеону интернетке жарыялоо боюнча талкуулашты. Мени видеого тарткан УКМКнын кызматкери беркилерге “бүгүн эмес, беркисин даярдап жатышат тааныштарым эртен экөөнү бир чыгарабыз”- деп беркилерди токтотуп койду. Мен кайсыл даярдап жаткан видео экенин оюма да алган эмесмин, көрсө “Аман” –аттуу жигиттин телефон менен “оштуктарды кысыш керек”- деген маанидеги аудио жазууну монтаждап интернетке чыгарууну даярдап провокация кылууну даярдап жатышыптыр. Ал аудио жазууну 13.08.2019 биринчи жолу 14.08.2019-жылы интернетке чыга электе эле уккам. Ал жазуу интернет сайтка чыга электе эле УКМКнын кызматкерлеринен башка эч кимде жок болчу.

Менин элден кечирим сураган видеом дагы УКМКнын оперлери менен тергөөчүлөрүнөн башка эч кимде жок эле. Булар атайын менин ишимди оордотуп мөөнөт берип түрмөгө камоонун жолун көздөп, атайын уюшуп алышып кылмыш ишине барышты деп эсептейм. Себеби менен 13.08.2019 кармап, 14.08.2019-жылы түнкү саат 23:00до УКМКнын ИВСине эртеси УКМКнын СИЗОсуна камакка киргизишкен, менде ошол күндөрү интернетке жүктөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, анткени УКМКнын СИЗОсунда, телефон, компьютер аттуу буюмдар эмес, жеке буюмдарымды тартып алып коюшкан. Ошол аудио жазуу менен видео жазуу 15.08.2019 интернетке УКМКнын кызматкерлери аркылуу, кылмыштуу провокация катары жарыя, кылышкан.

Урматтуу Нуркамал Бухалович!

Мен сизден УКМКнын тергөө башкармалыгынын кызматкери Сагынбек Самидин уулунун жетекчилигине өз кызматкерлери менен бирге уюштурулган 3/3 берене боюнча жазашкан провокациялык кылмыш ишине юридикалык баа берип кылмыш ишин козгоп, мыйзам жолунда жоопко тартууңузду өтүнөм жана талап кылам», - деп жазган Баабиев.

КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх