Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Аспеков: Адахан Мадумаров коркок. Анын акчасына коомдук дараткана салам

Сот президентикке экс-талапкерди активистке 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Жарандык активист Мелис Аспеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, президентикке экс-талапкер Адахан Мадумаровду соттон утуп алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Аспеков өзү маалымдады.

- Мен сот менин пайдама өкүм чыгарарына башынан эле ишенгем, - деп белгиледи активист. - Ал мени атайын кызматтарга иштейт деп көз көрүнөө алдап жатты. Ал коркок. Соттун отурумуна дагы келген жок.

Мындан сырткары, Аспеков Мадурамовдон ала турган акчалай кенемтеге Сейил багына коомдук даараткана салууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Мадумаровдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, 2017-жылдын күз айларында Мадумаров ТВ каналдардын биринен Мелис Аспеков кыргызстандык атайын кызматтар менен иштерин айткан. Өз кезегинде активист саясатчыны сотко берген.

Соттун чечими менен Мадумаров Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына төгүнгө чыгарчу маалымат жарыялап, Аспековго 50 миң сом өлчөмүндөгү моралдык кенемте төлөп берүүгө тийиш.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх