Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимжан Аскаров Кыргызстандын өкмөтүнө каршы сотко доо арыз берди

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу эмнеге кабмин Адам укуктары боюнча БУУнун комитетинин чечимин көз жаздымда калтырып жатканын түшүнбөйт

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандык өкмөтүнө каршы сотко доо арыз берди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди.

Анын айтымында Аскаров Кыргызстанды анын ишин кайра карап чыгууга чакырган Адам укуктары боюнча БУУнун комитетинин чечимин аткарбай жатканына айран таң.

- Ал арызында өкмөт эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жатканын таанууну суранды, - деди Вахитов. - Ошондуктан, административдик доо арыз тапшырды. Район аралык сот качан анын арызын карап баштары азырынча белгисиз.

Буга чейин Аскаров өкмөткө кат жолдоп, бирок, аны акыйкатчынын аппаратына кайра жиберип коюшкан.

- 25-февралда Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча процесс болот, анткени, Базар-Коргон райондук соту бардык керектүү документтерди Жогорку сотко жиберген, - деди Вахитов. - «КРнын өкмөтү жөнүндө» мыйзамына ылайык, аткаруучу орган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Аскаров нааразы, анткени, ага жоопту акыйкатчынын аппараты жолдогон.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашап, укук коргоочулук ишмердүүлүк менен алектенчү. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин ал башаламандыктарды уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө кошо катышууга шектелип кармалган. Рардык инстанциялардын чечими менен ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылдын апрель айында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин анын ишин кайра карап чыгууга чакырган. Мындай чечимди уюм мыйзамсыз кармоо, кыйноолордун орун алуусу жана Азимжан Аскаровдун начар шарттарда кармалышы менен негиздеген.

Чүй облустук сот ишти кайра карап чыгып, 2017-жылдын 24-январында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Бирок, бир катар эл аралык уюмдар укук коргоочу мыйзамсыз негизде түрмөдө жатканын айтып, ушуга чейин коңгуроо кагып келишет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх