Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы башчысы Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барганын айтып берди

Болот Жанузаковдун айтымында Кыргызстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү азыр шок абалында

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы, КРнын биринчи президентинин тарапташы Болот Жанузаков Айдар Акаевдин тажиясына катышып келип, уулунан айрылган Аскар Акаев азыр шок абалында экенин Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Топурак салып келдим, - деди Болот Чыныбаевич. - Өз каныңдан жаралган балаңдан айрылуу абдан чоң сокку. Аскар Акаев ыйлап, кайгырып жатат. Бул оорду толгус жоготуу да. Кыргызстандан тажияга Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Осмонакун Ибраимов, Курманбек Осмонов жана башка бир топ адамдар барган.

Белгилей кетсек, 6-февралда Айдар Акаев жүрөгү кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө өткөн.

Муну менен катар, жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, ага чейин, бир нече күн мурда биринчи президенттин агасынын уулу Кубан Акаев узакка созулган оорудан казап болуп, сөөгү Кемин районунда жерге берилген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх