Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Коррупцияга министрдин орун басарлары менен жаңы кадрларды тандагандар күнөөлүү

ЖКнын депутаты Кыргызстанда паракорлук канткенде жоголорун белгиледи

ЖКнын депутаты Искендер Матраимов эмне себептен акыркы эки жылда транспорт жана жол министринин эки орун басары пара менен кармалганын түшүндүрүп, канткенде Кыргызстанда коррупция жоголорун белгилеген. Бул тууралуу парламент мүчөсү «Super.kg» порталына берген маегинде айтып берген.

«Биз бийлик деп өкмөттү айтабыз. Бийлик министрдин орун басарларын кызматка коюп жатканда "пара ал" деп койбойт да. "Ал жерге барып жакшы иште, өзүңө жүктөлгөн милдеттерди аткар" деп кызматка дайындайт. Кадрлар болсо келип жаткан инвестицияларды көрүп өздөрүн жоготуп, пара алып жатышат. Бул жерде күнөө министрдин орун басарларынын өздөрүндө болуп жатат. Мындан сырткары, күнөө бүгүн кадрларды тандап жаткандарда дагы бар. Кадрлар бардык тепкичтен өтүп, ошол ишке татыктуу болгондо гана пара албайт. Биринчи кезекте орун басарларда "мамлекетке жардам беришим зарыл, мамлекет мага ишенген жумушту так аткарышым керек" деген ой пайда болгондо коррупция жоголот эле", - деген Матраимов.

 Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх