Жогорку сот Мелис Мырзакматовдун ишин кароону жылдырды
Оштун бозгун экс-мэринин жактоочулары отурумга келишкен жок
КРнын Жогорку соту Ош шаарынын бозгун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун ишин кайра карап чыгуу боюнча отурумду үстүбүздөгү жылдын 25-мартка жылдырды.
КРнын ЖСнун басма сөз кызматы соттук отурум Мырзакматовдун жактоочуларынын өтүнүчү менен жылдырылганын Vesti.kg сайтына билдиришти.
- Жактоочулар Жакупбекова менен Адигенеев ден-соолугуна байланыштуу угууларды жылдыруу боюнча өтүнүч кат киргизишкен, - деп такташты соттон.
Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында издөөгө алынган. Ага КРнын ЖКнин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сыртынан айып тагылган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз