Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда бийлик элдик курултайды өз кызыкчылыгында колдонуп кетиши мүмкүн»

 Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргызстанда элдик курултай институту пайдалуу болушу мүмкүн, бирок, ал бийликтин көзөмөлү алдында калат деген коркунуч дагы бар. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Учурда биздин өлкөдө парламент кандайдыр-бир кызыкчылыктары боюнча чогулган адамдардын клубуна айлангандай, депутаттар элдин мүдөөлөрүн угушпайт, - деп кейиди ал. - Мына ушундай шартта элдик курултай мыйзам чыгаруу органына жакшы альтернатива болуп бере алмак. Биздин мамлекет көз карандысыздыкка жеткен алгачкы жылдардагы эки парламенттүү парламентке дагы кайра барса болот, менимче. Ушундай принципте иштеген «легендарлуу парламент» кыйла ийгиликтүү болгонун көбү айтып жүрүшпөйбү.

Муну менен бирге Сариев элдик курултай дайыма эле элдик идеяларды чагылдырып тура албасын дагы кошумчалады. Мисал катары саясат таануучу аксакалдар кеңешинин жардамы менен өлкө башчы өз максаттарын ишке ашырып келген Түркмөнстандын тажрыйбайсын келтирди.

Тактай кетсек, депутаттар Искендер Гаипкулов жана Алмазбек Акматов «Элдик курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Анда эл өкүлдөрү курултайды өткөрүү жол-жоболорун, ага канча киши мүчө боло аларын, ошондой эле анда кабыл алган чечимдерди аткаруу тартибин жазып чыгышкан.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх