Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендиктердин митинги Жеңиш Разаковдун отставкасынын себеби болдубу?

Президент бүгүн вице-премьер-министрди кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койду

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда өкмөттү кескин сынга алганы, ошондой эле вице-премьер-министрдин отставкасын талап кылып Ак үйдүн алдына элдин митингге чыкканы Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишинин себептери болушу мүмкүн. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ИИМнин мурдагы кызматкери, запастагы полковник, саясат таануучу Токтогул Какчекеев бөлүштү.

- Бул окуялар жана Жеңиш Разаковдун ишмердүүлүгүнө айтылган сын-пикирлер анын отставкасына таасир кылган болушу мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Менимче, Баткенден келген элдер, алардын Разаковду кызматтан алып же президенттин өзүн отставкага кетишин талап кылышы түрткү болду. Мен дайыма эле эл аралык укуктук маселелер сыяктуу татаал маселелер менен алектенүүгө туура келген кызматтарга прокурорлор жана милиция кызматкерлеринин келишине каршы болуп келгем. Алар бул көйгөйлөргө үңүлүп киришпейт, ошон үчүн бир нерсе жасап жатышкансыйт, элдерге иштеп жатабыз дейт, ал эми иш жүзүндө эч нерсе жок. Жакында эле ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков Разаков вице-премьер болгону чек аранын эки сантиметрин чечпегенин айтты.

Какчекеевдин айтымында мамлекеттик чек аралар боюнча иш алып барчу вице-премьерлик кызматта бул маселелерде билим жана тажрыйбага ээ адамды дайындоо зарыл.

Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылган митинг Бишкекте 2020-жылдын 15-январында парламенттин имаратынын алдында өткөн. Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын билир Айкут Конушбай Разаковдун кызматтан алынышы боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Бишкекте өткөн митинг мындай чечимге таасирин тийгизди деп ойлойм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Биздин ошол акциядан кийин Жеңиш Разаков кыймылдап, ЖМКларга жарандар менен жолугушуп жаткан сүрөттөрүн жарыялап баштады. Белгилей кетсек биз демаркация жана делимитация боюнча комиссиянын 2019-жылда кылган ишин иликтеп, алар 10 айда бир дагы жыйын кылбаганын аныктап чыкканбыз. Чек ара көйгөйлөрүн алар чыр орун алып, ок атылгандан кийин гана талкуулап башташты.

Активист ошондой эле вице-премьерлик кызматка ким келип, элдин көйгөйлөрүн түшүнө алмактыгы боюнча дагы пикири менен бөлүштү.

- Мен аны менен жеке тааныш эмесмин, бирок, Баткенде туулгандан кийин Улукбек Кочкоров бул кызматка жарамак деп ойлойм, -деди активист.

Эске салсак, нааразычылык акциясына анда 70ке жакын адам чыккан. Вице-премьер Жеңиш Разаков кийинчерээк Ак үйдүн алдында өткөн митингге чыккан элдерге акча төлөнгөнүн айтканп.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх