Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Кочкоровго азырынча вице-премьерлик кызматка келүү сунушу түшө элек

Жеке булактардын маалыматына ылайык, социалдык өнүктүрүү министринин талапкерлиги өкмөттө каралууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго азырынча вице-премьер-министр кызматын сунушташа элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.
Анын айтымында өкмөттөн ага азырынча мындай сунуш түшө элек.

- Сунушташса, байкаштырып көрөм, - деп бөлүштү ал.
Эске салсак, вице-премьерлик кызматка үч талапкер каралып жатканын Vesti.kg сайтына жеке булактар маалымдаган.

Кабмин социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатканы айтылган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх